«Көк асабанын» архивинен
Элеси өчпөс залкарлар
Сабира КҮМҮШАЛИЕВА,
КР эл баатыры
Бала кезде талант сыры билинчү,
Сырдуу өнөргө ошондо эле тигилчү…
Көөнөрбөгөн көп-көп роль жаратып,
Өнөр үчүн өлүп кайра тирилчү.
Төкөлдөштүн төрт кызынын ичинен,
Сабира апа Баатыр болду биринчи.
Continue Reading »
Түмөн сунуш
Кыргыз болсоң,
кыргызга
кызмат кыл!
Бүгүн мындай бир маселени айтайын деп турам. Эгерде биз кытайдын алмасын эле жебей койсок – жылына 1 миллион АКШ доллары кытайга кетпей, өзүбүздүн өлкөбүздө калат экен. А жүзүмүн, анарын, алмурутун, жумурткасын, жаныбар этин (уй, кой жылкы, тоок) жебей койсок – 5 миллион доллар кыргызга калат. Андан сырткары ден соолугубуз да ууланбайт. Ал эми “Элита” күрүчү – заводдон макарон сыяктуу чыгаарын Россиянын телеканалынан жакшы эле көрсөттү го. Ал күрүчтү күйгүзсөң пластмасса Continue Reading »
Түгөлбай Сыдыкбековго – 100 жыл
Улут ар-намысына башын сайган Түкөм
Үсөнбек АСАНАЛИЕВ,
Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
Бул жалган дүйнөгө кимдер келип, кимдер кетпеген. Калкка кадыры өтүп, эмгеги сиңген адамдар элдин эсинде калат, бирок «өлүү кадырын тирүү сыйлабаса», анда тирүүлөрдүн деле адамдык кунарына шек кетет. Continue Reading »
Улуктар терметчү ой
Кеменгер бийлик ээси чыгабы?
(Башы өткөн сандарда «Бий болбогон бий болсо, өзүнүн ким экенин билгизет” деген аталыш менен басылган)
Жакып МЕДЕТОВ, карыя жазуучу
…Белимчи дүйнө (ааламдашууга аң-сезимсиз тартылчулар), атайылап эмес, кийинки заман, доор агымдарынын селине туруштук бере алышпаган, же азгырыктардын ары тарабында “бейиш” жаткандай домдоп ойлоо ишеними Continue Reading »
Манас – кыргыз руху
Айкөл Манастын аманаты
(Жайсаң Үмөт уулу,
«Айкөл Манас», IX том, 235-248-беттер)
Тогуз-Торо районундагы Жылаңач Бугу мазары. 22-август, 2002-жыл. Бул мазардагы Манас атанын жайына алгач 1998-жылы, 6-августта келгем. Бу жолу да биз дасторконго дуба айтып, курмандык чалынган соң, мен чокуга чукул чыккан булакты көздөй бет алдым. Медитация учурунда, Айкөл Атабыздын үңкүрдөгү жайында көптөгөн суроолорума жооп алууну көздөп бараттым. Чыгыштын индуиддик, буддалык диний окуулардын башаттарында айтылган соматилер (кайыптар) Continue Reading »

Кыргыз батасы
Үрөн себүүдө айтыңыз:
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат,
Күн күркүрөп, жамгыр жаап,
Күлдүр ата колдосун.
Үн атасы камбаркан,
Ай талаага күү чачсын,
Өнүп чыккан үрөнүң,
Өсүп чыксын жүрөгүң,
Суу атасы Сулайман,
Continue Reading »
Дилин кыргызга берген кыз
Корей кызы Светлана комузду, Манасты жана кыргыз жигитин сүйөт
Азыркы биздин жаштарыбыз кыргыз болушса да батышташып, өз эне тилинде сүйлөгөндөн уялып, орусча бажырашат. Албетте, бул көрүнүш жүрөгүбүздү оорутат. Ал эми, ошол эле мезгилде улуту башка болсо да, кыргыз тилин сүйүп үйрөнүп жаткандар да жок эмес. Бүгүнкү биздин мейманыбыз – КМЮАнын Адвокатура жана юстиция факультетинин 1-курсунун студенти Светлана Ли. Анын кыргыз дүйнөсүнө, тилине болгон кызыгуусун өзүнөн угалы.
Continue Reading »
Руханий саамалык
Кыргызстандын ар бир үйүндө “Манас” жаңырат!
Жалпы кыргыз эли үчүн, өзгөчө Манасты сүйүп угуучулар үчүн абдан заманбап үлгүдөгү жакшы шарт түзүлдү. Эми ар бир кыргыз жараны, азыркы манасчылардын айтуусундагы Манасты үйүндө отуруп көрө алат.
Continue Reading »
«Манасчы манас айтып бүткөндөн кийин мен аны түшүнбөсөм да жандүйнөм жана денем тең салмакка келип, ойлорум, сезимдерим өзүнүн табигый иретине келип калганын сездим.»
Тата Юхао Мани, индиялык окумуштуу
Манасчы Замир БАЯЛИЕВ:
«Түшүмдө баатырлар эмне манас айтпайсың деп опузалады»
- Айкөл баянын кантип айтып калдың?
- Манасчылык өнөрдүн маани-маңызын, ыйыктыгын, бийиктигин, касиетин өзүмдө болгон өзгөрүүдөн улам жакшы түшүнүп калдым. 5-6 жашымдан бери кандайдыр бир чоң адамдар түшүмө кирип, мени кармайын деп кубалаган учурлары көп кайталанар эле.Түшүмөн чочуп ойгонуп, коркуп ыйлаган кездерим дале эсимде. Ал учурда эмне болуп жатканын аңдай алган эмесмин. Кийин 15 жашка келгенимде баатырлар түшүмө өңүмдөгүдөй эле даана кирди. Эс тартып калгандыктан ал түшүм мага өзгөчө таасир этти. Келечегимди туюнткан купуя сырлар болду. Ал тууралуу эч кимге айтпай, сырдуу дүйнөнүн сыры сыр бойдон калуусун туура көрдүм. Балким окумуштуулар же кээ бир адамдар мындай кубулуштарды манасчылардын өздөрүн сырдуу көрсөтүш үчүн тапкан акылы деп ойлошоор. Чындыгында таптакыр андай эмес. Кандай болгон күндө да бул аян бассам-турсам эсимден кетпей, жандүйнө менен байланышкан бир касиет эле. Көзгө көрүнбөгөн адамдар жанымда коштоп жүргөндөй туюла берди. Эмнегедир өзүмөн өзүм бук болуп, ээн талаага чыгып эч кимге көрүнбөй манас айтып жүрдүм. Манас айтсам бугум чыгып жеңилдеп сергип калам. Continue Reading »
Түгөлбай Сыдыкбековду унутпайлы!
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев мырзага
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
А. Жээнбеков мырзага
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
Ө. Бабанов мырзага
Бишкек шаарынын мэри И. Өмүркулов мырзага
Continue Reading »